"Бурананын" жанынан сабалган таксист каза тапты. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка Чүйдүн 22 жаштагы тургуну шектелип жатат

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Таксинин Токмоктогу "Бурана" комплексинин жанынан сабалган  айдоочусу ооруканадан каза тапты. Милиция саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш ишин козгогонун Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Похороны по погибшим в результате крушения грузового Боинга-747-400 в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Айылды бүлүнткөн учак, көчкүдө калгандар, өрттөн жайрагандар. Жылдын 9 каргашасы
Буга чейин 26-декабрга караган түнү "Бурананын" жанынан үч кишинин сабалганы, анын бири оор абалда экени айтылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бир таксист таанышы менен Чүй айылына кардар алуу үчүн барганы аныкталган. Дарекке келген маалда "Бурананын" жанында турган балдардын тобу алгач аларды опузалап, андан соң кол салышкан. Айдоочу жардамга чакырган кнопканы басууга үлгүрүп, жолдошу менен кетип калган.

"Көмөккө келген дагы бир таксист жалгыз болуп калган. Катуу ур-токмокко алынган 37 жаштагы айдоочу ооруканада көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Райондук милициянын тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин "Өлүмгө дуушар кылган оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0