Ош шаарында унаа дарыяга түшүп кетип, 19 жаштагы кыз каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПолиция Москвы о ДТП с кыргызстанцами: состояние пострадавших тяжелое
Полиция Москвы о ДТП с кыргызстанцами: состояние пострадавших тяжелое - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылган унаанын ичинде беш адам болгон

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ош шаарында Ак-Буура дарыясына BMW унаасы кулап кетип, 19 жаштагы жүргүнчү кыз каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчысы Медербек Шабданов билдирди.

Жол кырсыгы 26-декабрь күнү саат 23.30 да болгон. BMW унаасы Тилек баатыр көчөсү менен келе жатып, дарыяга кулап кеткен.

"Машинанын ичинде беш адам болгон. Алардын бири 19 жаштагы кыз ошол жерде каза болду", — деди Шабданов.

Калган үч жүргүнчү менен айдоочу ар кандай жаракаттар менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жергиликтүү милиция кызматкерлери кырсыктын жоо-жайын тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0