БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн келген эл аралык террордук топтун Ю.К. аттуу мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран 27 жашта. Анын Сирияда атайын даярдыктан өтүп, өкмөттүк армияга каршы аракеттерге активдүү катышканы аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБКармалган жаран
Кармалган жаран
© Фото / пресс-служба ГКНБ
"Эл аралык уюмдун башчыларынын буйругу менен колго түшүрүлгөн адам террордук аракеттерди көрүп, Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди жөнөтүү боюнча жаңы каналдарды түзүүгө милдеттендирилген. Учурда ал тергөө абагында", — деп айтылат билдирүүдө.
Ага карата Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.