Москва районунда автоунаа Чүй каналына түшүп кетип, бир адам көз жумду

Жазылуу
Милициянын билдирүүсүнө караганда, айдоочу автокөлүктү башкара албай калган

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 23-декабрда саат 00.30дар чамасында Москва районунун Беш-Корук айылында жеңил автоунаа Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинде  беш адам болгон.

Кырсыктын кесепетинде бир киши каза болуп, калган төртөө ооруканага жеткирилди.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0