"Ош" аэропортунан жалган күбөлүк менен баланы алып чыгууга аракеттенген аял кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ош
Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Ош" аэропортунан Ош — Москва каттамы боюнча учуп жаткан аял кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жасалмалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, 59 жаштагы аял көзөмөл өткөрүү пунктунан 7 жашар кыздын атына жасалмаланган документти көрсөткөн.

"Аял мындай кадамга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын жоготуп жибергендиктен улам барганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулган соң аял УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0