Россияда КР жараны терроризмге айыпталып 12 жылга эркинен ажырады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынган кыргызстандык жаран болгону 23 жашта

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москва шаарынын аскер соту теракт жасоого камынган жана терроризмди жактаган деген кине менен кыргызстандык жаранды 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, камакка алынган адам Россияда тыюу салынган террордук уюмдун мүчөсү болгон. Ал 2016-жылдын август айынан сентябрга чейин өзүнүн "ВКонтакте" сайтындагы баракчасына диний кастыкты козуткан материалдарды жүктөп келген.

"Ал ошондой эле 2017-жылдын март-февраль айларында Киров облусунун эки жаранын Москва шаарында теракт уюштурууга үгүттөп "КАМАЗ" менен жай тургундарды койдурууну пландаган", — деп айтылат маалыматта.

Эркинен ажыраган кыргызстандык жаран болгону 23 жашта. Эми ал 12 жыл күчөтүлгөн режимде атайын камерада кармалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0