Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда 134 адам өзгөчө кырдаалдардан каза тапкан

© AFP / SHAH MARAIПоследствие лавины в туннеле Саланг. Афганистан
Последствие лавины в туннеле Саланг. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген чыгымдардын көлөмү 965 миллион 774,6 миң сомду түзгөн

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда 323 өзгөчө кырдаал болгонун ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, кырсыктардын кесепетинен 134 адам каза таап, 302си аман калган. Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген чыгымдардын көлөмү 965 миллион 774,6 миң сомду түзгөн.

"Муну менен катар 11 айдын ичинде министрлик 565 объектиде калыбына келтирүү иштерин жүргүздү. Ведомствонун кызматкерлери миң метрлик дамбаны, дарыя каналдарын жана 132 чакырымдык ички чарбалык жолдорду тазалады", — деди министр.

Ал ошондой эле эл жыш жайгашкан аймактардагы коркунучтарды алдын алуу максатында "Жашыл долбоор" ишке киргизилип, анын алкагында 87 миң 626 көчөт отургузулганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0