Аламүдүн суусуна түшүп кеткен унаанын 43 жаштагы айдоочусу каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС.Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна жеңил унаа түшүп кетип бир адам каза болду
Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна жеңил унаа түшүп кетип бир адам каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, сөөктү суудан табышкан

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна жеңил унаа түшүп кетип бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 20-декабрь күнү Кой-Таш айылындагы "Жаннат" ден-соолукту чыңдоо борборунун жанында Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаа Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге барган Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары суудан 43 жаштагы айдоочунун сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0