Бишкекте табылган ымыркайдын сөөгү боюнча милиция түшүндүрмө берди

© AFP / MUJAHID SAFODIEN Куурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристенин денесинен муунтулган белгилер аныкталган эмес

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи районунан 14-декабрь күнү жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов билдирди.

Буга чейин ЖМК өкүлдөрү Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда Чоң Чүй каналынын жээгинен мойнунда муунтулган тактар калган тогуз айлык ымыркайдын сөөгү табылганын жазышкан.

"Ымыркайдын сөөгү табылганы чын. Ал жаңы төрөлгөн наристе экен. Бирок бул окуя 14-декабрда катталып, анын сөөгү Чоң Чүй каналынын жээгинен эмес, Бишкектин ТЭЦ каналынан табылган. Баланын денесинен муунтулган да, зордуктоо белгилери да аныкталган жок", — деди Оморов.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда милиция ымыркайдын ата-энесин издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0