Дем алыш күнү Ош шаары менен Сокулукта эки адамдын сөөгү табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСелсаяк. Архив
Селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн чыгарып тийиштүү органдарга тапшырган

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Дем алыш күнү, 16-декабрда Ош шаарында тоңуп калган, ал эми Сокулук районунда сууга аккан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Ош шаарында селсаяктын, Сокулукта сууга аккан кишинин сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылгандыгы айтылат.

"Ош шаардык куткаруу кызматы жылуулук кууруна жылынып жаткан боюнча каза болгон 25-30 жаштагы, азият улутундагы селсаяктын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Сокулук айылындагы Новая көчөсү аркылуу агып өткөн Сокулук суусунан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0