Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөндүгүн көрсөткөн тактар калып калган

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБден кабарлашты.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: уюлдук телефон үчүн адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды
28-октябрда Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинин кесилишинде саат 15.00дөр чамасында аялдын сөөгү табылган. Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөндүгүн көрсөткөн тактар калып калган.

Кийнчерээк маркум Нарын облсунун 1969-жылкы тургуну экени маалым болгон.

Аталган кылмышка шектелип учурда 1985 жана 1992-жылкы эки киши кармалды.

"Шектүүлөр менен каза болгон аял спирт ичимдиктерин ичип отуруп урушуп кетишкен. Алар аны сабаганда аял жеринде жан берген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0