Кыргызстанда жол кырсыгы 11 айда 820 кишинин өмүрүн алып кетти

© Фото / пресс-служба УПМ Чуйской областиДТП на выезде из совхоза "Ала-Тоо" в Чуйской области
ДТП на выезде из совхоза Ала-Тоо в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы республикада 5 852 жол кырсыгы болгон

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жол кырсыгынан 11 айда 820 киши каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМден билдиришти.

Жыл башынан бери өлкөнүн аймагында 5 852 жол кырсыгы болуп, андан 8 734 адам жабыр тарткан.

Былтыр ушул убакыт ичинде 857 киши набыт болуп, 8 105и ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми катталган жол кырсыгынын саны 5 323тү түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0