Милиция: уюлдук телефон үчүн адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Жазылуу
Шектүү жабырлануучу менен ичимдик ичип отурган

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Милиция адамды атайылап өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПодозреваемый в умышленном убийстве
Подозреваемый в умышленном убийстве - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в умышленном убийстве

24-ноябрь күнү саат 9.30да Ленин райондук ИИБге Улуттук госпиталга баш мээси чайкалган адам түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Бейтап реанимация бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумган.

Маркумдун тек жайы аныкталып, ал 1973-жылы төрөлгөн Бишкектин А.Т. аттуу тургуну экени маалым болгон. Аталган факты боюнча Ленин райондук ИИБдин оперативдик тергөө тобу териштирүү иштерин баштаган.

"Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 27 жаштагы кишини кармады. Тергөө амалдары учурунда ал жабырлануучу менен ичимдик ичип жатып, уюлдук аппаратын алуу максатында башка уруп качып кеткени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (адамдын саламаттыгына атайылап зыян келтирүү)боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0