Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер Кыргызстандан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНарушивший закон мужчина в наручниках
Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер атайын ыкчам издөө иш аракеттеринин жыйынтыгында колго түшкөн

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, издөөдө жүргөн киши атайын ыкчам аракеттердин жыйынтыгында колго түшүрүлүп, анын 25 жашта экени аныкталган.

"Кармалган жаран экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон. Кылмыш жоопкерчилигинен качып Кыргызстанга келген. Бул жактан көмүскө диний-экстремисттик уюм түзүп, башкаларды үгүттөөнү пландаган", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшүрүлгөн адам өнөктөш өлкөлөрдүн атайын кызматтарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0