БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 43 жаштагы үй ээсинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, үйдүн 9 чарчы метр дубалы, төшөнчүлөр, стол, отургучтар күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталууда.