Балыкчыдагы кыш чыгаруучу жайда жумушчу станокко кыпчылып каза тапты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПроизводство огнеупорных материалов в Екатеринбурге
Производство огнеупорных материалов в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун 47 жашта экени аныкталды

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Балыкчы шаарында жайгашкан кыш чыгаруучу цехте иштеген жумушчу станокко кыпчылып каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-декабрь күнү саат 16.10до болгон. Маркумдун 47 жашта экени айтылууда.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү станоктон алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0