КР жарандарын Сирияга барууга үгүттөгөн делип Кытай жараны кармалды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемых в перестрелке в "Москва-Сити"
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемых в перестрелке в Москва-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
44 жаштагы Кытай жараны 2016-жылдан бери үгүттө иштери менен алектенип келген

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. ИИМ кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын согуш жүргөн аймактарга барууга үгүттөгөн деген шек менен Кытай жаранын кармады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, А.А аттуу 44 жаштагы Кытай жараны 2016-жылдан бери куралдуу согуш болуп жаткан Сирия жана Ирактын аймагына барууга үгүттөп келген.

"Ал соңку үч айда Бишкек — Стамбул аба каттамы менен беш жолу барып келген. Ал КР жана РФ жарандарынын атынан жасалма паспорт колдонуп жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Автомат көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки аялын, беш баласын алып Сирияга кеткен жарандын энеси: 8 баламан ажырадым...
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле жасалма документ даярдап берүүгө тиешеси бар Мамкаттонун кызматкеринин өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кармалган жаран Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0