Оштогу май алмаштыруучу жайдагы өрт. Азыр эмне болуп жатат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОштогу май алмаштыруучу жайдагы өрт
Оштогу май алмаштыруучу жайдагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 20:15 чамасында келип түшкөн

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Учурда Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайдан чыккан өрттү тогуз бригада өчүрүп жатат. Акыркы өрт өчүрүүчүлөр коңшу Кара-Суу районунан алып келинди. Бул туурасында Spunik Кыргызстан маалымат агенттигине ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгын жетекчиси Нурлан Баймуратов билдирди.

Ош шаарындагы алоолонгон жалын, түн жана чогулган эл. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы алоолонгон жалын, түн жана чогулган эл. Видео
“Маалымат бизге саат 20:15 чамасында келип түштү. Азыр кооптуулук жок. Тилсиз жоону “Кыргыз мунай” май бекетине жетпей өчүрүп калдык. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Кырсыктын себеби аныкталууда”, — деди Баймуратов.

Анын айтымына караганда, азыр бул аймакта жайгашкан май алмаштыруучу үч жайдын ээси такталып жатат. 

Учурда өрт чыккан жерде бир Тез жардам автоунаасы ар кандай кырдаалга даяр турат. Аталган май алмаштыруучу жай Ош-Кара-Суу жолунда жайгашкандыктан, шаардык милиция кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0