Ноокатта 10-класста окуган кыздын боюна бүтүрдү делген улан кармалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСИЗО. Архив
СИЗО. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү кыздын айылдашы болуп чыкты. Ал учурда Ноокат РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

ОШ, 11-дек. — Sputnik. Ноокатта 10-класстын кызын боюна бүтүрдү деп шектелип 17 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда шектүү Ноокат РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Кармалган бала окуучу кыздын айылдашы болуп чыкты. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 132-беренеси (өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголду", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле шектүүнүн айыбы далилденсе үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, Ноокат районунда 10-класста окуган кыз алты айлык баланы өлүү төрөгөн. Анын ата-энеси Россияда иштегендиктен чоң-ата, чоң-энесинин колунда жашай тургандыгы маалым болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0