Жалал-Абад: тоонун башынан жүрөгү кармаган мергенчи каза болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖизнь села Литковка Омской области
Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлгөн адамдын сөөгүн алты куткаруучу тоодон жерге алып түштү

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында аңчылыкка чыккан 53 жаштагы тургун жүрөгү кармап каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жалал-Абад шаарынан келген үч мергенчи Кара-Жыгач тилкесине ууга чыгышкан. Биринин жүрөгү кармап, ал ошол жерден жан берген. Кара-Көл шаардык куткаруу бөлүмүнөн алты кызматкер тоого чыгып, мергенчинин сөөгүн алып түшүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар сөөктү кечки саат тогуздар чамасында милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0