Нарында жер титиреди

© AP Photo / STRСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.38де катталган

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Нарын облусунда магнитудасы 3,9га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

"Жер титирөөнүн очогу бир чакырым тереңдикте Нарын шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 17 чакырым, Бишкектен түштүк-чыгышты көздөй 214 чакырымда жайгашкан", — деп айтылат сейсмологиялык борбордун расмий сайтында.

Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.38де катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0