11:31 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бейшембиден жумага караган түнү, саат экилер чамасында Toyota Chaser жана Honda Fit унаалары кагышкан

Бишкекте эки унаа кагышып, 21 жаштагы кыз жабыркады. Жеринен алынган кадрлар

© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (484)
477 0 0

Бишкекте эки унаа кагышып, бири жол жээгинде турган адамдарды жөөлөп кеткен

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бейшембиден жумага караган түнү, саат экилер чамасында Toyota Chaser жана Honda Fit унаалары кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

  • Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бейшембиден жумага караган түнү, саат экилер чамасында Toyota Chaser жана Honda Fit унаалары кагышкан
    Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бейшембиден жумага караган түнү, саат экилер чамасында Toyota Chaser жана Honda Fit унаалары кагышкан
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • Артынан сүзүлгөн Honda Fit жол жээгинде турган үч адамды жөөлөп кеткен
    Артынан сүзүлгөн Honda Fit жол жээгинде турган үч адамды жөөлөп кеткен
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 21 жаштагы кыз жабыр тартып, ооруканага түшкөнүн билдиришти. Маалыматка караганда, анын мээси чайкалган.
    Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 21 жаштагы кыз жабыр тартып, ооруканага түшкөнүн билдиришти. Маалыматка караганда, анын мээси чайкалган.
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
1 / 3
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бейшембиден жумага караган түнү, саат экилер чамасында Toyota Chaser жана Honda Fit унаалары кагышкан

"Жол кырсыгы ТЭЦтин жанында болду. Чүй проспектисинин бир тилкесинде көмүр жүктөгөн фуралар турган. Экинчи тилке менен жай кетип бараткан Honda Fit унаасын катуу ылдамдыкта бара жаткан Toyota Chaser артынан келип сүздү. Катар келе жаткан унаалардын айдоочулары Toyota Chaser үлгүсүндөгү унаа жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабастан өтүп кеткенин айтышты. Кийин анын ичинен 7-8 адам чыгып качып кетти. Арасында кыздар дагы бар болчу", — деди күбө.

© видео очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Бишкекте эки унаа кагышып, 21 жаштагы кыз жабыркады

Анын айтымында, артынан сүзүлгөн Honda Fit жол жээгинде турган үч адамды жөөлөп кеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 21 жаштагы кыз жабыр тартып, ооруканага түшкөнүн билдиришти. Маалыматка караганда, анын мээси чайкалган.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (484)

Тема боюнча

Бишкекте милициянын унаасы менен кагышып, бейбаштык кылган 4 киши кармалды
Бишкекте төрт машина кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
Белгилер:
жол кырсыгы, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ