01:01 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Ооруканадагы кыз. Архивдик сүрөт

Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишиден ич келте оорусу табылды

© AFP / JAY DIRECTO
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
29000

Учурда оору катталган аймакта түшүндүрүү иштери улантылууда

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Баткен районундагы Самаркандек айылында ич келте оорусуна бир үй-бүлө шектелүүдө. Лабораториялык анализ эне менен кыздын аталган дартка чалдыкканын аныктап, ушу тапта 6 жашар баланын анализдери каралып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Оорулардын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментине таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт кишиден турган үй-бөлүнүн башка мүчөлөрүнөн да анализдер алынган. Андан сырткары, мектептеги 29 баладан алынган анализдердин жыйынтыгы үч күндөн кийин даяр болот.

Оорунун жайылып кетпеши үчүн жергиликтүү дарыгерлерден ыкчам штаб түзүлүп, алар айылды үймө үй кыдырып жүрүшөт. Жалпысынан 319 киши кароодон өтүп, алардан илдеттин белгилери аныкталган эмес.

"Суунун анализи 7-декабрда даяр болот. Андан сырткары, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Санэпидкөзөмөл департаментинин эскерүүлөрүн аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөт башчысына 10 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда оору катталган аймакта түшүндүрүү иштери улантылууда.

Тема боюнча

Москвадагы дарыгер Алибеков: мигранттардын көбү тишинен жабыркайт
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти
Белгилер:
оору, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Баткен
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ