Литвада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн КР жаранынын туугандары изделүүдө

© AP Photo / Andrew BrownbillПолиция кызматкерлери. Архив
Полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жараны Каунас шаарынан Клайпеда аймагына бараткан боюнча дайынсыз кетип, кийин анын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Литвада каза болгон кыргызстандык айдоочу Николай Хлебаевдин туугандары изделип жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кыргызстандык айдоочу 28-ноябрда Литвада Каунас шаарынан Клайпеда аймагына баратып жоголуп кеткен. Кийин анын киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. 

"Тийиштүү тергөө иштери жана маркумдун жакындары табылгандан кийин Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги сөөктү алып келүүгө бардык жардамды берет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү жаран аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0