Айдаркенден Ошко бараткан кичи автобус оодарылып, жүргүнчүлөр жабыркады

© Фото / пресс-служба МЧС КРОпрокинулся микроавтобус Mercedes-Benz Sprinter в Кадамджайском районе
Опрокинулся микроавтобус Mercedes-Benz Sprinter в Кадамджайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин мобилдиштирилген тоо кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 1 техника, 4 куткаруучу тартылган

БАТКЕН, 4-дек. — Sputnik. Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн Учкун айылында кичи автобус жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-декабрда, эртең мененки саат 8:30дар чамасында катталган. Sprinter үлгүсүндөгү унаа Кадамжайдын Айдаркен шаарчасынан Ошту көздөй бараткан.

"Кырсыкка кабылган учурда унаада 14 жүргүнчү болгон. Аларды куткарууга ӨКМдин мобилдиштирилген тоо кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 1 техника, 4 куткаруучу барган. Кырсыктын кесепетинен алган жараатынан улам үч адам жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы жакшы", — деп айтылат маалыматта.

Кайгуул милициясы тарабынан кырсыктын кесепети иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0