Кочкордогу жол кырсыктан ымыркай чарчап калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Honda CR-V менен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагышкан

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кочкор районунун Шопур-Булак тилкесинде Honda CR-V менен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып бир ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 215-чыкырымында 2-декабрь күнү саат 21:49да болгон.

"Honda CR-V унаасында төрт адам болгон. Кырсыктын кесепетинен анын ичиндеги 2017-жылы туулган ымыркай чарчап калган. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаада үч киши бара жаткан", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ куткаруучулары жаракат алгандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Алар Кочкор райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0