08:09 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Автомат. Архивдик сүрөт

ИИМ: Кой-Ташта кенже сержант өзүн-өзү атып каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
988 0 0

Каза тапкан 26 жаштагы милиционер органда жети жылдан бери иштеп келген

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасында нөөмөттө турган кенже сержант кечээ, 1-декабрда, өзүн-өзү атып өлтүргөн. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуянын болжол менен кечки саат 19.00дөр чамасында болгондугу маалымдалды.

"ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун нөөмөт милиционеринин сөөгү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасынан табылган. Аламүдүн РИИБ жана Чүй облустук ИИБдин тергөөчүлөрү менен эксперттери ал өзүн автомат менен аткандыгын аныктап чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Каза тапкан 26 жаштагы милиционер органда жети жылдан бери иштеп келген.

"Аталган окуя боюнча ИИМде кызматтык иликтөө болуп, мындай фактыга жол берген жетекчилердин ишине баа берилет", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

ИИМдин маалымат кызматы учурда окуянын кандай болгонун жана башка жагдайларды аныктоо үчүн соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассологиялык экспертиза дайындалгандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Бишкекте милиционер катышкан жол кырсыгы катталды. Окуя болгон жерден сүрөттөр
Белгилер:
милиционер, автомат, өлүм, ИИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ