Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу милициянын унаасын сүзүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө Кайгуул милициясынын жабыркаган машинасынын сүрөтүн өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу 30-ноябрь күнү Жалал-Абаддын номери тагылган Кайгуул милициясынын жабыркаган унаасынын сүрөтүн жарыялады.

Жалал-Абад шаардык ИИБи Кайгуул милициясы катышкан жол кырсыгы болгонун ырастады.

"25-ноябрдын түнү Кайгуул милициясынын унаасын Nissan Primera үлгүсүндөгү авто коюп кеткен. Кийин рулду 8-класстын окуучусу башкарып баратканы маалым болду. Ал апасынын унаасын сурабастан айдап кеткен экен. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок", — деп ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Учурда эки унаа тең шаардагы атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, эксперттик иштер жүргүзүлүп жатат.

Ал эми окуучунун апасы Кайгуул милициясынын унаасынын ремонт иштерине кете турган чыгымдарды толук төлөп берерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0