Москва: станокко чайналып көз жумган КР жаранына ишкана кенемте төлөөдөн баш тартууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЗавод кызматкери. Архив
Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куштарбек Галбаев үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында макулатура таңгактаган станокко кирип кетип каза болгон

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Москвада макулатура таңгактаган станокко кирип кетип каза болгон кыргызстандык Куштарбек Галбаевге ал иштеген компания компенсация төлөп берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун жубайы Айпери Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, Куштарбек Галбаев "Эко-Пресс" ишканасында эмгектенип жүргөн. Ал үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында макулатура таңгактаган станокту оңдоп жатып, иштеп кеткен механизмге кыпчылып калган. Кырсыктын кесепетинен Галбаев ошол жерде каза таап, сөөгү мекенине алып келинген. Учурда анын жубайы ишканадан кенемте ала албай убара тартууда.

"Жолдошум иштеген компанияга барсам директору соттук экспертиза чыксын, анан сүйлөшөбүз деген шылтоо менен компенсация төлөп берүүдөн баш тартып жатат. Ал эми элчиликке барсам тигиге бар, буга бар деп көңүл кош мамиле кылышууда. Эмне кыларымды билбей калдым", — деди Ахмедова.

Бул боюнча иш алып барган Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристи Марат Раимжанов башында муркумдун туугандары элчиликтин юристтерин кийлигиштирбей бул маселе боюнча өздөрү сүйлөшүп алабыз дешкенин айтууда.

Сөөк жүктөп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди
"Куштарбек каза болгондо анын агасы менен аялы ишканадан компенсация катары 170 миң рубль алып, тил кат жазып беришиптир. Ишкана жетекчилиги азыр мурда акча алып ыраазы болдуңар эле дагы эмне сурап жатасыңар дегендей кылып, "сотко кайрыла бергиле" деп койду. Биз жубайынын адвокатына жол-жоболорун түшүндүрдүк. Акчаны сот аркылуу өндүрүп алууга болот. Биз көзөмөлгө алып турабыз. Башында өздөрү биздин жардамдан баш тартпаганда мындай көйгөй жаралмак эмес", — деди Раимжанов.

Ал эми Айпери Ахмедова эч кандай адвокаты болбогонун, ага жакындарынын бири жөн гана жардам көрсөтүп жүргөнүн айтты. Ошондой эле кенемте берилди делген 170 миң рублди ал сөөктү Кыргызстанга жеткирүү үчүн алганын билдирди.

"Эко-Пресс" ишканасынын жетекчиси Алексей Воропаев менен окуянын чоо-жайын тактоо үчүн байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Компаниянын расмий сайтында көрсөтүлгөн телефон номерлер да тейленбей турганы анык болду.

Куштарбек Галбаев Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Аялы экөө 2016-жылдын июнь айынан бери Москвада иштеп жүрүшкөн. Маркум 28 жашта болчу. Артында үч жана төрт жаштагы эки баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0