Ноокенде жол кырсыгына кабылган айдоочу ооруканада каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи унаанын айдоочусу менен кошо машинадагы үч жүргүнчү түрдүү жараат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жаткырылган

ЖАЛАЛ-АБАД, 1-дек. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүндө эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен айдоочулардын бири каза болду. Бул тууралуу милициядагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрь күнү түнкү саат 22:30 чамасында катталган.

"Ноокен районунун 22 жаштагы жашоочусу Mersedes Benz — S430 үлгүсүндѳгү унаасын айдап бара жатып Hyundai Porter үлгүсүндѳгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Porter айдоочусу шаардык оорукананын жандандыруу бѳлүмүндө каза болгон. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу менен үч жүргүнчүсү түрдүү жаракат алышып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген", — деди өздүк булак.

Учурда бул фактынын негизинде Кайгуул милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0