Аксыда экскаватор басып калган айдоочу окуя болгон жерде көз жумду

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСтроительство БАМа-2 в Амурской области
Строительство БАМа-2 в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экскаватордун дөңгөлөгү жолдун четиндеги аңга кирип кеткен. Айдоочу жерге түшүп, аны карап жаткан мезгилде унаа оодарылып кетип маркумду басып калган.

ЖАЛАЛ АБАД, 1-дек. — Sputnik. Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Семет айылында айдоочуну экскаватор кокусунан басып калып, ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Алардын айтымында, окуя 2017-жылдын 30-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында катталган.

"Коргон айылынын 63 жаштагы жашоочусу Суу чарба башкармалыгында тракторист-машинист болуп иштечү. Ал Семет айылында жайгашкан "Семет" каналын жогоруда аталган ишканага таандык Hunter үлгүсүндөгү экскаватору менен казып иштеп жаткан. Маркум окуя болгон күнү жумуш убактысы бүткөн соң экскаваторду аталган ишкананын гаражына токтотуу максатында сай жээктеп келе жатканда жолдун оң жак тарабы көчүп кетип, унаанын дөңгөлөгү аңга кирип кеткен. Айдоочу унаадан чыгып, анын кандай абалда турганын карап жатканда экскаватор оң тарапка оодарылып түшүп, ээсин басып калган. Ал алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон", — деди окуяга күбө болгон жергиликтүү жашоочу.

Облустук милиция бул маалыматты тастыктап, учурда окуя болгон жерде Аксы РИИБдин ыкчам-тергөө тобу кароо жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Маркумдун жакындары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, окуяны кокустук катары сыпаттап, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0