Жалал-Абадда адам өлүмүнө забын болуп из жашырган айдоочу кармалды

© Фото / пресс-служба Джалал-Абадского УВД КРНаезд на пешехода в селе Беш-Мойнок
Наезд на пешехода в селе Беш-Мойнок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү жаран бир күндөн кийин кармалган

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Сузактын Беш-Мойнок айылында 38 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кетип из жашырган айдоочу кармалганын Жалал-Абад ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 582-чакырмында (Сузак районунун аймагы) шейшембиге караган түнү саат 02.50 чамасында болгон. Жабырлануучу алган жараатынан ошол жерде каза болгон. 

© Фото / пресс-служба Джалал-Абадского УВД КРНаезд на пешехода в селе Беш-Мойнок
Наезд на пешехода в селе Беш-Мойнок - Sputnik Кыргызстан
Наезд на пешехода в селе Беш-Мойнок

"Кылмышка шектүү Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Окуя болгон күнү ал Hyundai Starex унаасын башкарып бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Адым өлүмүнө себепкер болгон айдоочу облустук Кайгуул милиция башкармалыгы тарабынан 29-ноябрга караган түнү саат 02.30да кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0