Жалал-Абадда айдоочу жергиликтүү тургунду сүзүп, изин жашырды

© AFP / TIMOTHY A. CLARYБродвей, Нью-Йорк
Бродвей, Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кайгуул милициясы айдоочуну издеп жатат

ЖАЛАЛ-АБАД, 28-ноя. — Sputnik. 27-ноябрда түнкү саат 02:50 чамасында Сузактын Беш-Мойнок айылында 38 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз айдоочу коюп кеткен. Бул тууралуу облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча кызматкери Нурлан Саркаров билдирди.

Анын айтымында, окуя Ош — Бишкек автожолунун 582-чакырымында катталган.

"Белгисиз айдоочу жолдо бараткан 38 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Тилекке каршы жергиликтүү тургун окуя болгон жерде каза болгон", — деди ал.

Учурда милиция айдоочуну издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0