БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ошто жасалма документ даярдаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кармалган шектүүлөр чет элдик паспортторду жана башка документтерди жасап келген.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында буга чейин үч жолу соттолгон Сузак районунун 55 жаштагы тургуну жана анын 30 жаштагы шериги кармалды. Аларды текшерүүгө алганда биринин жанынан жасалма чет элдик паспорт табылган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ даярдоо) менен кылмыш иши козголду.