Нарында дарыяга автоунаа кулап, төрт киши каза тапты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КРДТП на трассе Бишкек — Торугарт
ДТП на трассе Бишкек — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Carina автокөлүгү Бишкектен Нарынга бараткан

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунда бир нече адамдын, анын ичинен баланын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Башкы кайгуул милициясынан билдиришти. 

Трагедия Нарын тараптагы Кувакы ашуусунда, жолдун 169-чакырымында болгон. Маалыматта Toyota Carina Бишкектен Нарынга жол тарткандыгы айтылды. Автоунаа ашуудан түшүп келе жатканда айдоочу башкара албай калып, көпүрөдөн дарыяга кулаган. 

"Кырсыктан бир эркек киши, эки аял жана жаш бала каза тапты", — деп билдиришти милициядан.

Факты боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0