Бишкекте Тез жардам машинасы жеңил унаа менен кагышты

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы жума күнү Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы жеңил машина менен кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү айтып берди.

Анын маалыматында кырсык жума күнү, болжол менен саат 12.45те Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.  Тез жардам унаасы Чапаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып Mercedes менен бет маңдай сүзүшкөн.

"Mercedes унаасынын айдоочусу дарыгерлерди өткөрбөй койгон. Тез жардам унаасынын алды жагы талкаланып, тыгын жаралды", — деди күбө.

Милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, аталган жерде кызматкерлер иштеп жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0