Жалал-Абаддагы кандуу окуя: кызды акча талап кылганы үчүн өлтүрдүм

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадУбийство девушки в Джалал-Абаде
Убийство девушки в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18 жаштагы бала өзүнөн төрт жаш улуу кызды түн ичинде өлтүргөнүн мойнуна алган

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын тургуну бир ай мурда тааныш кызын өлтүрүп, короосуна көөмп койгондугун мойнуна алды. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Кылмышты Жалал-Абад облусу боюнча транспорттук ИИБ кызматкерлери 23-ноябрда "Нелегал" атайын иликтөө иштеринин учурунда ачкан. 

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадЖалал-Абад шаарынын тургуну бир ай мурда тааныш кызын өлтүрүп, короосуна көөмп койгондугун мойнуна алды
Убийство девушки в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарынын тургуну бир ай мурда тааныш кызын өлтүрүп, короосуна көөмп койгондугун мойнуна алды

"2017-жылдын октябрь айынын орто ченинде түнкү саат бирлер чамасында үйүнө келген 22 жаштагы тааныш кызды муунтуп өлтүрүп, өзү жашаган үйдүн короосуна 60-70 сантиметр тереңдикте жерди казып көөмп койгон", — деп айтылат маалыматта.

Сөөк көмүлгөн жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жер казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта эки жыл мурда аялын өлтүрүп көөмп койгон малчы кармалды
"Ю.Ю 2017-жылдын октябрь айынын орто ченинде түн ичинде үйүнө издеп келген Пери аттуу тааныш кызы "8000 сом акча бер, болбосо мени зордуктадың деп милицияга арызданам" деп айткандыктан коркуп, аны муунтуп, өлтүрүп койдум деп көрсөтмө берген", — деп билдирди милиция.

Каза болгон кыздын ким экендиги жана кайда туулгандыгы, кайсы даректе жашаары аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0