Таласта эки жыл мурда аялын өлтүрүп көөмп койгон малчы кармалды

© AFP / FARSHAD USYANЖер казып жаткан адам. Архив
Жер казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчү ушул тапта убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Манас районунда чогуу жашаган аялды эки жыл мурда өлтүрүп, жашаган жерине көөмп койгон деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Поиски беглых заключенных в жилмассиве  Энесай - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо бир күндө ар кайсы жерден табылган үч сөөктүн чоо-жайы аныкталды
Ушул жылдын 17-октябрында айылдын четиндеги мал сарайдын тегерегин айдап жаткан тракторчу анча терең эмес жерге көмүлгөн аял кишинин сөөгүн таап, милицияга кабарлаган.

Жерине барган тартип сакчылары көмүлгөнүнө көп убакыт болгон сөөктүн калдыктарын көрүшкөн. Жүзү таанылбай калган сөөктүн кийимдери жана шарфы чирибей сакталып калган.

Сот-медициналык экспертизадан кийин гана ал Жалал-Абад облусунда 1971-жылы туулган Элмира аттуу аял экени белгилүү болду.

"Киши колдуу болгон аял 2015-жылдан бери Манас районунда ошол учурда 31 жаштагы Ош облусунун тургуну менен бирөөгө жалданып, малчы болуп иштешкен. Ал болжол менен 2016-жылдын январь айында өлтүрүлгөн. Чогуу жашаган адам экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетип, эркек аны ур-тепкиге алып, бир нече жолу күрөк менен чапкан. Малчы аялдын канжалаган жерлерин шарф менен таңып коюп, сыртка иштегени кетип калган. Бир нече убакыттан кийин ал каза болуп калганда, сарайдын артына көөмп койгон", — деп айтышты милициядан.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз энесин бычактаган уул, рэкетти кокуйлаткан пенсионер. 90-жылдардагы кылмыштар
Алар жашаган сарайдын ээсин жана кошуналарды суракка алган милиция 34 жаштагы шектүүнү колго түшүрүп, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду.

Кийин белгилүү болгондой, аял өлүп калгандан кийин малчы кошуналарына ал Бишкекке иштегени кетти десе, туугандарына башка адамга турмушка чыгып Нарынга кетти деп айтып койгон. Ошондон кийин туугандары кызын милиция аркылуу дайынсыз жоголгон адам катары издөөгө алышкан.

"Ошол окуядан кийин малчы бир нече жолу Бишкекке келип, Таласка улам жаңы келиндерди аялым деп алып барып жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектелүүчү ушул тапта убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0