Аламүдүндө 15 га аянттагы арчалуу токой күйүп, өрт кол менен өчүрүлүүдө

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүү иштери ушу тапта улантылып жатат

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Теплые ключи" эс алуу жайынын чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда болжол менен 15 гектар аянтта куураган чөп менен арчалар күйүп, өрт кол менен өчүрүлүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 23-ноябрь күнү түштөн кийин чыккан.

"Өрт тууралуу маалымат саат 16.15те түшкөн. Аталган жерге 8 куткаруучудан турган бир бөлүм тартылган. Бирок караңгы киргенине байланыштуу саат 20.10до өрт өчүрүү иштери токтотулган. Бүгүн эртең менен өрт чыккан жерге 35 өрт өчүрүүчү чыгып кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0