БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү менен Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн бирин жетектеген мурдагы штаб жетекчиси алты жылга кесилди. Кол алдындагы кызматкерди сабаганы үчүн ал катуу режимдеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөй турганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, М.А. аттуу подполковник Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган. Андан сырткары, соттун чечимине ылайык, ал Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөө укугунан ажыратылып, сот залынан камакка алынган.
"Тергөө учурунда аныкталгандай, 2015-жылы 15-октябрда М.А. аттуу подполковник Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүн башкарып турган маалда мас абалында кызмат абалынан пайдаланып А.Б. аттуу прапорщикти суроо-сопкуту жок эле сабап салган", — деп айтылат маалыматта.