Түп районунда балдардын шоктугунан 1400 түк чөп күйүп кетти

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүӨрт кырсыгы. Архив
Өрт кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталган

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак айылында 1000 түк чөп жана 400 түк саман күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт балдардын шоктугунан келип чыккан.

ӨКМ тараткан билдирүүгө караганда, бир сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгү 23 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 1, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас облустарында экиден өрт катталса, Ош шаары менен Баткен облусунда бирден өрт чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0