Милиция УКМК унаасы кабылган жол кырсыгы тууралуу айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-ноябрь күнү Бишкектеги өкмөттүк жолдон Toyota Landcruiser жана УКМКга тиешелүү Chevrolet Suburban унаалары кагышкан. Биринчи унааны 19 жаштагы кыз, экинчисин 27 жаштагы эркек айдап бара жаткан.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкектин Айтматов көчөсүндө УКМКнын унаасы кабылган жол кырсыгы тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милициясы расмий билдирүү жасады.

Маалыматка караганда, 16-ноябрь күнү болжол менен 08.30дар чамасында 19 жаштагы К.А. башкарып бара жаткан Toyota Landcruiser унаасы УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматынын Chevrolet Suburban унаасы менен сүзүшүп кеткен. Анын рулунда 27 жаштагы А. уулу А. отурган.

"УКМКга тиешелүү унаа гараждан техникалык кароодон өткөн соң мамлекеттик резиденцияга кетип бара жаткан. Жол кырсыгынын себептерин тергөөчүлөр аныктап жатат. Текшерүүдө эки айдоочу тең спирт ичимдиктерин ичпегени аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыкты иликтөө иштери менен Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмү алектенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0