Аборттон баш тартып апасы менен жеңесинен ажыраган кыздын абалы оор бойдон калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра Бишкека
Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук ооруканасынын директору Шайырбек Сулаймановдун айтымында, кыз сүйлөй элек.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Аксы районунун Коргон айылында аборттон баш тарткандыгы үчүн жакын мамиледе жүргөн жигитинин колунан жабыркады делген кыз Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына которулду. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Шайырбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, 14-ноябрга караган түнү аталган айылдагы үйлөрдүн биринен эки аялдын сөөгү табылган. Андан сырткары, башынан оор жаракат алган 26 жаштагы кош бойлуу кыз ооруканага жеткирилген. Маркумдар анын апасы менен жеңеси экендиги маалым болгон. 

Сулаймановдун айтымында, учурда кыздын абалы оор.

"Бейтаптын абалы туруктуу, бирок оор бойдон калууда. Ал желкесинен катуу жаракат алыптыр. Сүйлөй элек", — деди Сулайманов.

Буга чейин кош бойлуу кыз Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Бул факты боюнча укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, ошол эле айылда жашаган 29 жаштагы кишини шектүү катары кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0