Ошто 4 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылды деп 20 жаштагы селсаяк кармалды

© AFP / SAKIS MITROLIDISМужчина сидит на железнодорожных путях около греко-македонской границы
Мужчина сидит на железнодорожных путях около греко-македонской границы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнүн туруктуу жашаган жери жок болгондуктан селсаяктар менен бирге күн кечирип жүргөн

ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы менчик бала бакчанын биринин имаратына кирип, төрт жаштагы баланы зордуктоого аракет кылууга шектелген киши 20 жаштагы селсаяк экендиги аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ал Ош шаардык ИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

"Шектүүнүн туруктуу жашаган жери жок болгондуктан селсаяктар менен бирге күн кечирип жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери улантылып жатат.

Эске салсак, буга чейин наристенин ата-энеси кылмышкер төрт жаштагы балага карата ыплас ишин ишке ашырууга аракет кылган деп милицияга арыз жазган. Анын негизинде шектүү кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0