БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь районундагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу турак жай күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган даректен Өрт өчүрүү кызматына болжол менен саат 11.00дө билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн жалпы үч бөлүм тартылган.
ӨКМдин маалымат кызматы толук маалымат кийинчерээк бериле турганын билдирди.