Бишкекте 26 жаштагы кишини поезд сүзүп кетти

Жазылуу
Окуя 19-ноябрь түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкек-1 жана Бишкек-2 станцияларынын ортосунда катталган

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Борбор калаада Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги темир жолдон поезд 26 жаштагы эркекти сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 19-ноябрь түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкек-1 жана Бишкек-2 станцияларынын ортосунда катталган.

"Поезд келе жаткан убакта каза болгон адам рельсте телефон менен сүйлөшүп кетип бара жаткан. Темир жол кызматкерлери аны поезд жакындап калганда байкап жээкке чыгарганга үлгүрбөй калышкан. Окуя болгон жерге ички иштер органдарынын кызматкерлери барган", — деди Осмонбаев.

Осмонбаев поезд алдында калган адамдын учурда өздүгү такталып жатканын, маркумдун азиат улутундагы 26 жашта экени маалым болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0