Кадамжайда милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив
Милиция кызматкринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай райондук милициясынын терөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 17-ноябрында ИИМдин ички иликтөөлөр кызматына Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал айып короого киргизилген Hunday Porter унаасын чыгарып берүү үчүн Кадамжай РИИБинин кызматкерлери ири суммадагы пара сурап жатканын билдирген.

"Кечээ, ишемби күнү, 100 доллар жана 13 миң сом алып жаткан жеринен Кадамжай райондук милициясынын тергөөчүсү, милициянын майору колго түшүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, төргөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0