Түндүк-Түштүк авто жолунда унаа оодарылып, 4 адам каза тапты. Фото

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КРДТП автомобиля Audi 100 в Джумгальском районе
ДТП автомобиля Audi 100 в Джумгальском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн, 18-ноябрда Түндүк-Түштүк унаа жолунун 234-чакырымында катталган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда жеңил унаа кырсыктап төрт адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КРДТП в Джумгальском районе
ДТП в Джумгальском районе - Sputnik Кыргызстан
ДТП в Джумгальском районе

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 18-ноябрда Түндүк-Түштүк унаа жолунун 234-чакырымында, Котур-Суу айылында катталган. Жеңил авто жаңы курулуп жаткан жолдун бүтүп калган аймагында кетип бара жаткан. 

"Audi-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, авто оодарылып кеткен. Анын кесепетинен үч эркек, бир аял каза тапты. Алар Кабак Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери болгон. Ал эми жаракат алган адам райондук ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдардын сөөктөрү туугандарына өткөрүлүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0