БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстандын эл аралык издөөдө жүргөн жарандары Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын жогору жагындагы сарайдан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жергиликтүү милицияга сарайда шектүү кишилер жашынып жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
"Билдирүү боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, Чок-Тал айылынын 38 жаштагы тургунуна тиешелүү болгон сарайды текшерген. Жыйынтыгында Казакстанда "Адам өлтүрүү" беренеси менен айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн 36 жаштагы С. Жорабек аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда жанынан "Макаров" тапанчасынын 7 даана огу табылган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми сарайдын ээсинен 12 жана 16 калибрдеги ок атуучу куралдардын атылган октору табылган.
Кармалган жарандар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилди.