Мордовияда болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 14-ноябрда саат 23:40тар чамасында катталган

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мордовиянын Зубов-Полянск районундагы Урал трассасынын 452-чакырымында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болгонун КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 14-ноябрда саат 23:40тар чамасында катталган.

"Жол кырсыгынан Кыргызстандын 23 жана 18 жаштагы тургундары каза болгон. Жол кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу да КР жараны экендиги такталды", — деп айтылат маалыматта.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда бөйрөк оорусунан жабыркаган кыргызстандык кыз каза болду
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайын аныктоо үчүн алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Элчиликтин кызматкерлери каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта, азыркы кезде сөөктү Кыргызcтанга алып кетүү боюнча тийиштүү документтерди даярдалууда.

"Известия Мордовии" басылмасынын билдиришинче, Hyundai Solaris автоунаасын айдап барткан 33 жаштагы айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Айдоочунун баш мээси да чайкалган, бирок ал ооруканага баруудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0